“Допинг” деп аталган рейд балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. Бүгүн түштөн кийин Бишкек мэриясы райондук администрациялар, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, балдар комиссиясы, Жашы жетелектер боюнча инспекция жана безери балдарга көмөктөшүү борбору менен биргеликте үйлөрдүн короолорун, парктарды жана башка безери балдар көп топтолуучу жайларды кыдырышат.
Октябрь райондук администрациясынан “Азаттыкка” билдиришкендей, шаарда ата-энеси бар балдардын ата-энелери чакырылат, ал эми башка жактан келген балдар ИИМдин жашы жетелек балдар менен иштөөчү инспекциясына тапшырылат.(ZKo)