Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Кытайда мурдагы министр өлүм жазасына тартылды


Кытайдын мурдагы темир жол министри Лю Чжицзюн пара алган жана кызматын кыянаттык менен пайдаланган, анын айынан казынага миллиондогон доллар чыгым келген деп айыпталып, өлүм жазасына тартылды. Бирок, өкүм - соттун чечимине ылайык - эки жылдан соң ишке ашырылат. Лю быйыл мартта Си Цзиньпин президенттик орунга отургандан бери жогорку жазага тартылган биринчи бийик даражадагы чиновник. 60 жаштагы экс-министр абакта өзүн үлгүлүү алып жүрсө, жогорку жаза өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырылат деп боолгонууда.

XS
SM
MD
LG