Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

TI: Чиновникке пара бербегиле!


Чиновниктин алкымын майлоо паракордун алаканын "майлоодон" башталат
Чиновниктин алкымын майлоо паракордун алаканын "майлоодон" башталат

Баш кеңсеси Берлинде жайгашкан Transparency International уюму коррупция боюнча 107 өлкөдө өткөргөн сурамжылоосун жарыялады.

Ага караганда, сурамжылангандардын теңинен көбү акыркы эки жылда өлкөдө паракорлук күчөдү деген ишенимде. Алардын 90 процентке жакыны кол тамга чогултуп, же демонстрацияга катышып, жемкорлукка каршы аракет көргөнгө дилгирлигин айткан. Кыргызстанда респонденттердин дээрлик ар бир экинчиси чара жоктон пара бергенин мойнуна алган.

Transparency International уюму 2013-жылдагы Глобалдык жемкорлуктун барометрин түзүү үчүн 107 өлкөдө 114 миң адамды сурамжылаган. Сурамжылангандын 53 проценти соңку эки жылда коррупция дагы кулач жайды деген ишенимде. Ар бир төртүнчү респондент былтыр кайсы бир зарыл ишин бүткөрүү үчүн пара берген.

Параны негизинен соттор, полиция, каттоо мекемелери, ооруканалар менен билим берүү мекемелери, салык кызматтары алышат деген сурамжыланган адамдар. Мисалы, Африканын 6 миллион калктуу Сьерра-Леонесинде сурамжыланган адамдардын 75 проценттен көбү пара берген. Бул жагынан Кыргызстан 35 жылдан бери ич ара согуштан чыга албаган Ооганстандан кем калышпайт. Бул эки өлкөдө респонденттердин 45 проценти пара бергенин айтышса, Казакстан жана Украинада ар бир үчүнчүсү, Түркияда ар бир бешинчи респондент аргасыз пара бергем деп айткан.

Канада, Жапония, Норвегия жана экс-советтик Грузияда пара бердим деген адамдардын саны 5 процентке жетпейт. Грузия менен Эстонияда коррупциянын деңгээли экс-советтик Литва, Латвиядан 5-6 эсе төмөн. Анын жүйөсүн Transparency International уюмунун КМШ өлкөлөрү боюнча координатору Светлана Савицкая президент Саакашвили тушунда тартип сактоо органдарында жүргүзүлгөн реформа жана каттоо системасын жөнөкөйлөштүрүү менен түшүндүрөт.

- Cебеби Грузия өкмөтү полицияны, жол полициясын жана билим берүү тармагын башкарууну тартипке салуу үчүн кеңири жана аёосуз реформа жүргүздү. Алар, ошондой эле, мамлекеттик жана жарандык кызматтарда чоң реформа жүргүздү. Ишкерлик кылуу үчүн зарыл талаптар да алда канчага азайтылды. Мунун баары жагдайды жакшыртты. Биз чынында эле бир аз да паракорлук жок деп айтуудабыз.

Коррупция жалаң эле пара берүү менен чектелбейт. Тааныш-билиштик, жердешчилик, кызмат адамдарынын жеке иштерин жең ичинен бүткөрүүсү, өкмөттүн өзүнө жакын топтор жана партиялар менен ысык ымала тутуусу да коррупцияга кирет жана жарандарды иренжитип, бийликке ишенбөөчүлүктү жаратат. Ушундан улам Грекия, Орусия, Украина сыяктуу өлкөлөрдө сурамжылангандардын 80 проценти өлкөнү бир ууч адам өз кызыкчылыгына ылайык башкарат деп билишет.

Беш проценттик балл менен алганда, Грекия, Италия, Мексиканын жарандары саясий партияларды баарынан көп коррупцияга баткан деп ойлошот. Кыргызстандыктар сот, полиция жана өкмөттүк мекемелерди жемкорлуктун булагы деп түшүнөт. Казакстан, Азербайжан жана Арменияда деле ушундай көрүнүш. Муну Светлана Савицкая – Армениянын мисалында - бийликтин куру убада менен элди сугарып, жемкорлукка каршы чечкиндүү күрөшпөгөнүнө байланыштуу дейт:

- Бийликтин саясий эрки чындап жетишсиз болууда. Анткени Армения өкмөтү акыркы он жылда билдирүүлөр менен гана чектелип жатты. Мунун баары элдин көңүлүн калтырды. Ошон үчүн көрүнүктүү жарандар коррупцияга каршы күрөш башталмайынча, эч ким кандайдыр бир өзгөрүүлөр болоруна ишенбейт.

Өкмөткө ишеним качкандан кийин жарандар паракорлук, жемсөөлүк тууралуу бийликке айтпаганды туура көрүшөт. Казакстанда, Кыргызстанда жана Украинада сурамжылангандардын көбү ушундай дешкен.

Паракорлукту азайтуу үчүн Transparency International улуттук өкмөттөрдү өз ишмердүүлүгүн жаап-жашырбай ачык жарыялоону, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин жүрүм-турумунун кодексин иштеп чыгууну, ал эми жарандарга чиновниктер пара сураганда бербегенди сунуш кылат.

Бул сурамжылоо Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда өткөрүлгөн эмес.
XS
SM
MD
LG