Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Укук коргоочулар эл аралык донорлорго кайрылды


Кыргызстандагы балдар, жаштар жана үй-бүлө укуктарын коргоо жаатында иштеген он чакты уюм бүгүн Бишкекте өтүп жаткан донорлор жыйынынын катышуучуларына кайрылуу жолдоду. Укук коргоочулар социалдык коргоо тармагы кыргыз бийлиги үчүн приоритет болбой жатканына нааразылыгын билдирди. Мамлекет ишке ашырып жаткан азыркы социалдык программалар туруксуздукка жана түрдүү чыр-чатактарга негиз болоорун эскертти. Кедей үй-бүлөдөгү балдарга айына 464 сом берип, ал эми айрым аткаминерлерге жөлөкпул түрүндө ири суммадагы акча төлөп жатканын эскертти.

Бүгүн Бишкекте өкмөт Кыргызстанга жардам берген эл аралык донорлор менен кезектеги жолугушуусун өткөрүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG