Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Бишкекте дары-дармектин кымбатына каршы акция өтүүдө


Ушул тапта Бишкекте дары-дармектердин баасын арзандатууну талап кылган нааразылык акциясы өтүп жатат. "Партнердук түйүн" ассоциациясынын жетекчиси Айбар Султангазиевдин “Азаттыкка” айтымында, бүгүнкү акцияда дары-дармекке байланыштуу патент мыйзамдарын жеңилдетүү, дарылардын баасын арзандатуу талабы айтылууда. Акциянын катышуучулары алгач “Кыргызпатенттин” имаратынын алдына чыгып, учурда Саламаттыкты сактоо министрлигине карай жөнөштү.

“Министрлик фармкомпаниялар менен сүйлөшүп, бааларды түшүрсүн жана баа саясатын көзөмөлгө алсын. Вирустук гепатит, онкология, ВИЧ, кургак учук ооруларын дарылоо үчүн керектелчү дарылардын баасы өтө эле кымбат. Айрым дарыларды алып келүүгө бир гана компанияга уруксат берилип, баасы кымбат болууда”, - дейт Султангазиев. (КЕ)

XS
SM
MD
LG