Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Бишкектин тазалыгы талкууланды


Бишкек мэриясында шаардын тазалыгы талкууланган жыйын өттү. Ишин жакшы аткарбагандыгы үчүн Биринчи Май жана Свердлов райондорунун №№15, 18, 21 муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилери иштен алынды. “Тазалык” ишканасынын эки кызматкерине сөгүш жарыяланды. Өткөн аптада мэрия өкүлдөрү шаарды кыдырып, тазалыгын текшерип чыккан болчу.

Союз учурунда Бишкек эң таза жана жашыл шаарлардын катарына кирчү. Мурдагы чарбалык көзөмөл солгундай түшкөндө бактар сугарылбай, тазалык сакталбай калган. Бирок соңку кездери мурда суу акпай калган арыктар кайра тазаланып, гүлдөр отургузулуп, тазалык жагынан кам көрүлө баштаганы менен адамдардын аң сезиминде өзгөрүү болбой жатканын жарандык активисттер айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG