Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Египетке барып бийликтен кулатылган мурдагы президент Мухаммад Мурси менен жолукту. Жолугушуу эки саатка созулду, бирок кайсы жерде өткөнү белгисиз. Себеби 3-июлда аскер башчылыгы тарабынан бийликтен түшүрүлгөндөн бери Мурси кайсы жерде экени сыр бойдон калууда. Бүгүн Кэтрин Эштондун маалымат катчысы Майя Коцянчич Twitter социалдык тармагы аркылуу жолугушууда ар тараптуу маселелер талкууланганын кабарлады. Кечээ Эштон Египеттин коргоо министри, Мурсини кетирүү акциясын жетектеген Абдел Фаттах ас-Сиси менен жолуккан. Кулатылган президенттин оппоненттери аны улуттук кызыкчылыктан диний кызыкчылыктарды жогору койду деп күнөөлөшкөн. Мурсини колдогон "Мусулман агайындар" генералдарга таянган убактылуу өкмөттүн ишине катышуудан баш тартууда. (RK)