Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Абак кызматкеринин өлүмү иликтенүүдө


Караколдогу абак кызматкеринин өлүмү анын үй-бүлөлүк проблемаларына байланыштуу болушу ыктымал. Алдын ала иликтөөнүн жыйынтыгында ушундай бүтүм чыгарылып жатканын "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынын маалымат кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди:

- Алдын ала айтсак, ок жакын жерден атылган, демек ал өзүн өзү атканы толук ыктымал. Анын үй-бүлөлүк проблемалары болгону айтылууда.

Бүгүн таңга жуук Караколдогу №23 тергөө абагында ички кызматтын кенже сержанты Назарбек уулу Улукбек көкүрөгүнө тийген октон мерт болгон. 20 жаштагы Назарбек уулу Улукбек тергөө абагына кызматкер болуп былтыр май айында орношкон. (RK)

XS
SM
MD
LG