Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Түрк армиясынын башкы штабынын мурдакы акими өмүр бою эркинен ажыратылды


Түркияда өкмөттүк төңкөрүш уюштурду деп айыпталган 275 адамдын өкүмү угузула баштады. Бүгүн 21 айыпталуучу акталды. Парламенттин мурдагы үч мүчөсү 12 жылдан 35 жылга чейин соттолду. Ал эми Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын мурдагы зардалы Илкер Базбук өмүр бою эркинен ажыратылды.

Соттун өкүмү ар бир айыпталуучуга өз-өзүнчө угузулууда. Алар "Эргенокон" уюмуна мүчө болгон", "мыйзамсыз курал сактаган", "премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганга, ошондой эле ал башындагы "Адилеттик жана өнүгүү" партиясына каршы аскерлерди тукурган" деп күнөөлөнүүдө.

Стамбулда сот өтүп жаткан имараттын жанындагы демонстрацияны полициянын атайын күчтөрү кууп таркатты. Демонстранттар: “Биз Мустафа Кемалдын жоокерлерибиз”, - деп кыйкырышты.

Айыпталуучулардын арасында офицерлер, юристтер, илимпоздор жана журналисттер да бар.

Түркиянын дүниябий оппозициясы 2008-жылы башталган сот жараянын өкмөттүн сынчыларынын оозун жабууну көздөйт деп айыпташкан.

XS
SM
MD
LG