Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

АКШнын ядролук ракета бөлүгү сындалды


Кошмо Штаттардын аба күчтөрүнүн инспекциясы АКШнын ядролук ракета бөлүгүнүн абалын “канааттандырарлык эмес” деп баалады.

Шейшемби күнү жарыяланган билдирүүдө - Монтана штатында жайгашкан 341-ракета бөлүгү “машыгуу жүрүшүндө бир ирет тактикалык жаңылыштык кетиргени” белгиленет.

Аба күчтөрүнүн глобалдык сокку командасынын башчысы, генерал-лейтенант Жим Ковалскийдин айтышынча, Мальмстром аба күчтөрү базасынын сынак кездеги жаңылыштыгы АКШнын ядролук арсеналына эч кандай коркунуч туудурбайт. Бул аскердик бөлүк күжүрмөн даярдык абалында турган 150 даана Minuteman-3 баллистикалык ракетаны көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG