Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Баткен: шахтада калган эки адам табыла элек


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, ушул тапта окуя болгон жерде куткаруучулар менен кошо элүүгө чукул жергиликтүү тургундар да издөө ишине катышып жатат. Азыр 45 метрлик тереңдикте оң жана сол капталдагы 62 метрлик жол тазаланып жатат. Кечээ издөө иштерине кинологдор да тартылган болчу.

13-август күнү кечке жуук аккан селден Самаркандек айылындагы көмүр шахтасына суу толуп, оозу көчүп түшкөн. Анда иштеп аткан беш кишинин экөө качып чыгып, үчөө шахта ичинде камалып калган. Шахта алдында калгандардын бири, 36 жаштагы Бакыт Айдаровдун сөөгү табылып, туугандарына берилген.(AzK)

XS
SM
MD
LG