Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Кытайдагы фермадан бир миллиондой таракан качты


Кытайдын Цзянсу чөлкөмүндөгү фермадан бир миллиондой таракан качып кетти. Медициналык эксперименттер үчүн керектелген таракандар атайын теплицада өстүрүлчү. Маалыматтарга караганда, белгисиз бирөө желим чатырды сындырып, аларды атайлап бошотуп жиберген. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери аймакта дезинфекциялык чараларды жүргүзүп жатат.

Ферманын ээси Кытайдын салттуу медицинасында пайдаланган таракандарды өстүрүү үчүн 16 миң доллар сарптаган. Айрым адамдар таракандан жасалган дарылар шишиктерди таратуу, иммунитетти күчтөндүрүү, залалдуу шишик өңдүү кээ бир дарттарды айыктырууда жардам берет деп ишенишет.

XS
SM
MD
LG