Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Унаа кырсыгынан 6 адам каза болду


Бишкек-Ош жолунун 402-чакырымында унаа кырсыгынан 6 адам каза болуп, экөө жараат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, окуя 4-сентябрь кечке жуук болгон. Мамлекеттик номуру S1662B болгон “Хонда-Степ-Вагон” унаасы Кара-Көл шаарына жакын аймакта жол четиндеги Нарын дарыясына түшүп кеткен.

Жараат алгандар учурда Кара-Көл шаардык ооруканасында. Алар Аксы районунун тургундары 46 жаштагы Калмамат Базарбаев жана 24 жаштагы Жылдыз Сарымсакова экени аныкталды.

Каза болгондор:
Анаркан Ажыбекова, 45 жашта, Аксы районунун тургуну,
Жаныбек Турдубаев, 28 жашта, Бишкек шаарынын тургуну,
Сардор Токтакунов, 25 жашта, Ош шаарынын тургуну.

Мерт кеткен дагы үч кишинин аты-жөнү жана жерлиги тактала элек.
Куткаруу, тактоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жүргүзүшүүдө.

21-августта да Бишкек-Ош жолунун боюндагы Кара-Суу дарыясына унаа кулап, 7 адам каза болгон. Алардын экөөнүн сөөгү табыла элек. (SE)

XS
SM
MD
LG