Египеттин Синай жарым аралында жардыруулардын кесепетинен каза тапкан аскерлердин саны алтыга жетти, дагы 17 адам, анын ичинде карапайым адамдар жараат алышкан.
Газа менен чектеш Рафах шаарында чалгын кызматынын жергиликтүү бөлүмүнүн жана армиялык блокпосттун жанында эки унаа жарылды. Айрым маалыматтарга караганда, жардырууну жанкечтилер уюштурган.
Өткөн ишембиден тарта Синайдын түндүгүндө ислам экстремисттерин кармоо боюнча атайын армиялык операция жүрүүдө. Экинчи күнү тогуз согушкердин каза тапканы кабарланган. Синайда согушкерлер 3-июлда Мухамед Мурси президенттиктен кулатылган соң абдан активдешти.