Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Чет өлкөлүк агенттер боюнча мыйзам долбоору сынга алынууда


Чет өлкөлүк агенттер боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору өлкөдөгү көз каранды эмес укук коргоочулукту жана башка активдүү ишмердүүлүктү түп тамырынан жок кылат. Ушундай кооптонуусун бүгүн укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Дмитрий Кабак билдирип чыкты. Алар мындай мыйзам Орусияда кабыл алынганын, анын кесепетинен коомдук жана жарандык активисттер "эл душманы" деген атка конуп жатканын эскертип, мыйзам долбоордун авторлорун орус документин толугу бойдон көчүрүп алган "уурулар" деп атоодо.

Айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аркылуу чет өлкөлүк агенттин функциясын аткарган жергиликтүү уюмдар боюнча жаңы мыйзам долбоорунун авторлору - Жогорку Кеңештин депутаттары Нуркамил Мадалиев жана Турсунбай Бакир уулу.

Бакир уулунун "Азаттыкка" айтымында, мыйзам долбоорунун жаралышына Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын саясатка аралашып жатканы себеп болду. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG