Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Бишкек: Кампада тутанган өрт өчүрүлдү


Бишкектин Фучик көчөсүндөгү кампада тутанган өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өрткө каршы кызматтын жетекчиси Нуржан Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, кырсыктын себеби азырынча аныктала элек. Жалпысынан 2 миң чарчы метр аянт күйүп кетти. Өрттөнгөн кампада second-hand кийим, эмерек жана балдардын гигиена каражаттары сакталып турган. Алдын ала маалымат боюнча, адамдар жабыркаган жок. От бүгүн таңга жуук чыккан. Ошол маалда Бишкекке ШКУ саммитине катышуу үчүн Орусия президенти Владимир Путин учуп келген. "Манас" аэропортунан Бишкеке жол Фучик көчөсү аркылуу өткөндүктөн, орус делегациясы бул кырсыкка күбө болду. Бирок кортеждин өтүүсүнө эч тоскоолдук болгон жок. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG