Жармаңкени Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги уюштурууда. Жармаңке Бишкектеги Улуттук китепканада өтөт. Анда Бишкектин кесиптик-техникалык агенттигинин тизмесиндеги бош орундар тууралуу маалымат берилмекчи. Бул орундарга кызыккан адамдар өз анкеталарын калтырып, жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн сынамакчы. Ошондой эле шаардагы кесиптик лицейлер жана алардын окутуу программалары тууралуу маалымат алууга болот.(BkA)