Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Бишкекте мыйзамсыз жер бөлүүгө каршы акция өтөт


Бүгүн Бишкек мэриясынын алдында шаар тургундары борбор калаадагы мыйзамсыз жер берүүлөргө каршы нааразылык акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу анын уюштуруучуларынын бири, жарандык активист Калича Умуралиева кабарлады. Анын айтымында, акыркы учурда Бишкекте бак-дарактар кыйылып, балдар аянтчалары үчүн берилген жерлер мыйзамсыз сатылып, коопсуздук эрежелерине жооп бербеген көп кабатуу үйлөр курулуп жатат. Мындан улам нааразылык акциясында шаар бийлигине мыйзамсыз жер берүүнү токтотуу талабы коюлат.(BkA)

XS
SM
MD
LG