Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Акыйкатчыны шайлоо жылдырылды


Жогорку Кеңеш Акыйкатчыны шайлоо боюнча маселени кийинки аптада карайт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шайлоону жылдырууга Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин акыйкатчылыкка талапкерлердин программалары менен толук таанышып бүтпөгөнү себеп болгон. Буга чейин Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши акыйкатчыны шайлоо боюнча маселени ушул жумада кароо боюнча чечим кабыл алган.

Парламент июнь айында криминалдык чөйрөнүн "лөгү" делген Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине тиешеси бар деген жүйө менен Турсунбек Акунду кызматтан алуу чечимин чыгарган. Буга нааразы болгон Акун Жогорку Кеңешти сотко берген. Акундун арызын Бишкек шаардык соту 20-сентябрда карайт. Ал эми Акыйкатчынын кызмат орду үчүн 50дөн ашуун талапкер катталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG