Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Жукеева: ачкачылыкка чыккандардын талабы негизсиз


Токмокто ачкачылык жарыялап отургандардын талабы негизсиз. Мындай билдирүүнү “Азаттыкка” Өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн эксперти Керез Жукеева билдирди. Ал акциянын катышуучулары айтып жаткан Чыңгыз Султановдун үй-бүлөсүнө буга чейин мамлекеттен тийиштүү жардамдардын баары берилгенин айтты:

- Султановго апрель окуясында оку тийгени чын. Ага алгач 50 миң сом акчалай жардам берилген, дарылануу үчүн дагы 10 миң сом бөлүнгөн. Андан кийин материалдык жардам деп үй-бүлөсүнө дагы 10 миң, өзүнө 50 миң сом берилген. 2011-жылдын 22-августунда Токмок шаардык кеңешинин токтому менен Токмоктон эки бөлмөлүү үй алышкан. Ошол жылы 10-декабрда Султанов каза болгон. Медициналык справка аны кургак учук дартынан көз жумганын тастыктап турат. Ошондуктан, аны октон өлдү деп айтуу туура эмес,- деди Жукеева.

Ачкачылыктын уюштуруучусу Жеңиш Молдокматов маркум ок тийгендиктен көз жумду деп эсептээрин, анын өлүмүнө байланыштуу маалымкат ушул өңүттө жазылышы керектигин айтууда. Бул талап аткарылган соң маркумдун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом жана Бишкектен батир берилиши керектигин белгилөөдө.

"Кыргызстан жаштар кеңеши" уюмунун беш мүчөсү маркумдун Токмоктогу үйүндө жогорудагы талаптар менен 16-сентябрда ачкачылык акциясын башташкан. (SE)

XS
SM
MD
LG