Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Акундун арызы канааттандырылган жок


Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун эми Жогорку Сотко жана Конституциялык палатага арызданат.

Акыйкатчылыктан бошоткон Жогорку Кеңештин токтомун мыйзамсыз деп табуу боюнча жазган Акундун арызын Бишкек шаардык соту канааттандырган жок.

Башкача айтканда, шаардык сот буга чейинки райондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырды. Райондор аралык сот да Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошоткон Жогорку Кеңештин токтомун мыйзамдуу деп таап, анын арызын кароого негиз жоктугун билдирген. Ал чечимге макул болбогон Акун шаардык сотко арызданган болчу.

Экс-акыйкатчынын сотко катышкан адвокаты Александр Типеров парламенттин токтомун мыйзамсыз деп эсептейт.

- Урматтуу сот, биз соттун жүрүшүндө Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынан аша чапканын далилдей алдык деп ойлойм. Биз Турсунбек Акунду кызматтан бошотууда "Жогорку Кеңештин регламенти", "Омбудсмен жөнүндөгү" мыйзам жана Конституция бузулган деп эсептейбиз.

Бирок бул боюнча Жогорку Кеңеш өз пикирин бекем карманууда. Бишкек шаардык сотуна катышкан парламенттин юристи Кызжибек Карабаева эл өкүлдөрү акыйкатчыны бошотууда мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарынан гана пайдаланганын айтууда.

- Жогорку Кеңештин аракети мыйзамдуу болгон. Ал бул чечимди Конституциянын жана Эмгек кодексинин беренелерин, "Омбудсмен жөнүндөгү" мыйзамды эске алуу менен кабыл алган. Андыктан Турсунбек Акундун арызын канааттандырбооңузду суранам.

Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан чыгып кетишин иликтеген депутаттык комиссия өз корутундусунда Турсунбек Акунду, аны менен катар бир катар министрлерди жумуштан кетирүүнү сунуштаган. Акыйкатчыны дайындоо жана бошотуу укугу парламенттин өзүндө болгондуктан, Жогорку Кеңеш 27-июнда Турсунбек Акунду кызматтан алган болчу. Ал эми кызматтан алууга сунушталган башка министрлер азырынча өз ордуларында иштеп келишүүдө.

Азиз Батукаев
Азиз Батукаев
Андыктан Турсунбек Акун Батукаев ишинде бир гана аны күнөөлүү кылып, кызматтан алып койгон Жогорку Кеңештин токтомун мыйзамсыз деп санайт жана өзүн дагы эле акыйкатчы деп эсептейт. Ал сотко арыз жазгандан тышкары, адилеттик талап кылып, Омбудсмен институтундагы иш бөлмөсүндө 16-сентябрдан тарта ачкачылык кармап жатат.

- Бүгүн кичине башым айланып, алсыз болуп жатам. Беш күн болду ачкачылык кармаганыма, суу гана ичип жатам. Меники төрт-беш күндүк эмес, узак мөөнөттүү ачкачылык. Талаптар аткарылмайынча кармай берем. Муну менен эле токтоп калбайбыз. Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мага тиешелүү жери жана Жогорку Кеңештин үч токтому мыйзамсыз экени боюнча Конституциялык палатага жана Жогорку Сотко да арызданабыз. Эгер акыйкатчы өзүнүн укугун коргой албаса, анда жөнөкөй адамдар өздөрүн кантип коргомок эле?

Ал аралыкта акыйкатчынын кызматына сынак жарыялаган Жогорку Кеңеш кийинки жумада бул мекемеге жаңы жетекчи шайлайт деп күтүлүүдө. Акыйкатчылыкка кырктай талапкер ат салышууда.

XS
SM
MD
LG