Пакистандын Пешавар шаарында Ыйык Жон чиркөөсүндөгү кош жардыруудан 50 чакты киши жан таслим болду, 70ке жакыны жараланды.
- Бомбаны жан кечти жардырган. Христиандар жекшемби күнкү ибадатты аяктап жатканда ал чиркөөгө кирген. Ошол учурда чиркөөдө 600дөй киши бар болчу, - деп маалымдады Пешавар комиссарынын орун басары Захирул Ислам.
Бул - акыркы бир нече жылдардан берки эң кандуу кол салуу болду. Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф “бейкүнөө адамдарды бутага алуу исламга жана бардык диндерге жатпайт”,- деп чабуулду айыптады.
Христандар өлкө калкынын 4 процентин түзөт. Эл аралык укук коргоо уюмдары Пакистанды азчылыктар үчүн эң кооптуу жерлердин тизмесине киргизип келишет.