Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Швейцария Кыргызстандын медицина окуу жайларына көмөктөшүүдө


Швейцария өкмөтү Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын окутуу программасын жаңылап, учур талабына жараша өркүндөтүүгө жардам берүүдө. Швейцария элчилигинин маалымат катчысы Турсунай Чодурованын "Азаттыкка" маалымдашынча, бул күндөрү Бишкектеги Медицина академиясында жана Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окутуучулар үчүн атайын семинар өтүүдө. Женевадан келген профессорлор жаңы муундагы окутуу программалары тууралуу кеңири маалымат берет. Келечекте 3-4-курстар үчүн окуу пландары иштелип чыгат, буга чейин 1-2-курстун студенттери үчүн иштелип чыккан болчу. Алар Кыргызстандын Билим жана илим министрлигинин буйругунун негизинде жазылган. (RK)

XS
SM
MD
LG