Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Озокеев: Уңгар-Тоо боюнча өкмөттүн чечимин күтүп жатабыз


Уңгар-Тоо маселеси боюнча кыргыз өкмөтү тез арада чечкиндүү кадамга баруусу зарыл. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" Аксы районундагы 11 айыл өкмөтү жана Кербен шаарынын жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын төрагасы Эргешалы Озокеев маалымдады. Ал жергиликтүү аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн Кербендеги чек ара тилкесинде абал тынч деп айтканы чындыкка дал келбесин билдирди. Эгер 1-октябрга чейин Уңгар-Тоодон өзбек чек арачылары чыгарылбаса, жергиликтүү эл өзү чечкиндүү кадамдарга бараарын кошумчалады. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тактала элек Үңкүр-Тоо (Уңгар-Тоо) тилкеси тууралуу эки тараптын Чек ара кызмат башчылары 30-сентябрда жолугуп, сүйлөшөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык бул маселе боюнча кыргыз-өзбек чек ара кызматтарынын өкүлдөрү буга чейин да жолугуп, аталган тилкени биргелешип кайтаруу чечимин кабыл алышкан. Учурда тилке кыргыз жана өзбек чек арачылары тарабынан кайтарылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG