Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Тогуз айда атайын кызматка 2282 жаран кайрылды


Тогуз ай ичинде атайын кызматтын коомдук кабылдамасына коррупцияга байланыштуу 2282 жаран кайрылган. Алардын арасынан:

Укук коргоо органдары жана жаза аткаруу кызматы боюнча 403;
Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары боюнча 259;
Билим берүү тармагы боюнча 158;
Сот системасы боюнча 88;
Энергетика тармагы боюнча – 88;
Саламаттыкты сактоо мекемелери боюнча 82 даттануу түшкөн.

Арыздардын негизинде 50 кылмыш иши козголгон. 748 арызды териштирүү жагы тийиштүү министрликтерге жиберилген.

Атайын кызмат жарандардын даттанууларын Бишкек шаарында жана жети облустун борборлорундагы мекемелеринде кабыл алат. (SE)

XS
SM
MD
LG