Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:11

Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине иш козголду


Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы, Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “мамлекетке тийиштүү мүлктү коротуу жана менчиктеп алуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 2005-жылдан 2012-жылга чейин Ала-Тоо жаңы конушундагы мектептин салынышына жана куруу-монтаждоо иштерине байланыштуу 7 млн. 600 миң сомго жакын каражат максатсыз коротулган. Курулуш иштерин жүргүзүү боюнча келишим Капиталдык курулуш башкармалыгы менен "Эрбак", жана "Строй Текс" ишканаларынын ортосунда жүргөн. Бирок Шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы, Шаардык башкы архитектура, Экоинспекциянын адистери мектеп учурда кыйроо абалында экенин аныкташкан. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG