Токтогул районундагы жайыттардын биринде чыккан өрттү өчүрүү иштери дале уланып жатканын "Азаттыкка" бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 2-октябрь түнү жайытта тутанган өртттү өчүрүүгө 80дей адам аракет кылууда. Болжол менен жайыттын 500 гектардайы күйүп кетти. (AKu)