Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:16

Ош шаарында жарылуу болду


Бүгүн кечки саат сегиздер чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Батыш күзөт бөлүмүндө жарылуу болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиришинче, жарылуудан 3 киши жаракат алды. Жарылуунун себептерин азыр башкармалыктын адистери менен өрт өчүргүчтөр биргелешип иликтөөдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул жерде автоген (металлды ширетүү же кесүү үчүн колдонуучу жабдык) жарылган болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG