Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Үсөнбаевди коргоо комитети резолюция кабыл алды


Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын мурдагы директору Замирбек Үсөнбаевдин укугун коргоо комитети резолюция кабыл алды. Анда өлкө жетекчилигинин көңүлү "маданият тармагында мыйзамсыз иштерге, баш аламан кадр саясатына, Маданият министрлигинде трайбализмге жол берилип жатканына" бурулган. Ошондой эле Үсөнбаевди кайра директор кылып дайындоо, депутаттык комиссия түзүү суранычы айтылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” комитеттин төрагасы Шамшыбек Медетбеков билдирди.

Филармонияны үч жылдан ашык жетектеген Замирбек Үсөнбаев кызматынан 2-октябрда бошотулган. Анын ордуна Кыргызбай Осмонов директор болуп дайындалган.

Маданият министрлиги өз кезегинде мыкты менеджер аркылуу филармониянын деңгээлин көтөрүү максатын көздөп жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG