Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:08

Текебаев меморандум тууралуу: Пушка менен атсаңар да колдобойбуз


Ушу тапта парламентте Кумтөр боюнча меморандумдун талкуусунда "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өкмөт парламентти шантаж кылып жатат деп айыптады. Кумтөр боюнча инвестор "Центерра" менен макулдашылган жаңы меморандумду депутаттардын талкуусуна сунуштап келген премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевга кайрылып ал:

- Эгер өкмөт ушинтип меморандумду колдобосоңор таркатамын деп коркутуп, шантаж кылып жатса, конструктивдүү сөз болбой жатса, биз сүйлөшпөй эле койбойлубу. Президент менен сүйлөшүп алып, колу-бутуңарды байлатып, ушуну колдотом, колдобосоңор таратам деп жатат. Акаев да, Бакиев да ушинтип кетирген. Саат бешке чейин ишенбөөчүлүк билдирип, колуна ала турганын берип муну отставкага узатпайлыбы. Бизди бирден пушка менен атсаңар да колдобойбуз.

Жантөрө Сатыбалдиев "Мен антип айткан жокмун, бөйрөктөн шыйрак чыгарбаңыз" деп жооп берди. Төрага Асылбек Жээнбеков да өкмөт башчы президент менен сүйлөшүп парламентти таркатам деп коркутуп айтканын укпаганын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG