Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Ойнихол Бобоназарова президенттик шайлоого катышпайт


Тажикстандын президенттигине талапкер Ойнихол Бобоназарова 6-ноябрда болчу шайлоого катышпай турганын жарыялады. Борбордук шайлоо комиссиясы зарыл 210 миң колду тапшырганга Бобоназаровага бир күн кошумча берилгенин же 11-октябрь акыркы мөөнөт экенин билдирди.

Бобоназарова күрөштөн чыгуу себебин бүгүн кечинде түшүндүрмөкчү. Анын талапкерлигин Тажикстандын эң ири оппозициячыл партиясы - Ислам кайра жаралуу партиясы жана Социал-демократтардын коалициясы колдогон.

БШК алты талапкерди, анын ичинде азыркы президент Эмомали Рахмонду расмий каттаган. Бобоназарова өткөн айда полицияны анын шайлоо өнөктүгүнө кийлигишти деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG