Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Сарууда нааразылык акциясы уланууда


Жети-Өгүз районунун Саруу айылында нааразылык акциясы бүгүн да уланууда. Жергиликтүү кеңештин депутаты Замир Менжибаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн түштөн кийин айыл тургундары жалпы жыйын өткөрүшөт. Буга чейин айылдын нааразы болгон тургундары айыл өкмөт имаратынын алдына үч боз үй тигишкен. Алар 7-октябрдагы Караколдогу башаламандык учурундагы камалгандарды бошотуу жана Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумду жокко чыгаруу талабын коюшууда.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү “Центтера Голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча түзгөн меморандумга каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Анын жүрүшүндө өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаев барымтага алынган эле. Бул башаламандык боюнча 23 адам кармалып, алардын ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. (BkA)

XS
SM
MD
LG