Бүгүн Курман айттын урматына Бишкектеги Спорт ордосунда адал продукциялардын жармаңкеси ачылды. Аны Муфтият алдындагы Адал индустриясын өнүктүрүү борбору уюштуруп жатат. Жармаңкеде аталган борбор тарабынан атайын сертификатка ээ болгон тамак-аш азыктары, сулуулук буюмдары коюлду. Жармаңке үч күнгө созулмакчы. (BkA\UEz)