Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Москвадагы мигранттарды кайрадан чочулоо басты


Орусия -- Бирюлево районунда кармалган мигранттар, Москва, 14-октябрь, 2013.
Орусия -- Бирюлево районунда кармалган мигранттар, Москва, 14-октябрь, 2013.

Москвадагы кыргыз консулдугу Бирюлеводогу тополоңдо жабыркагандар жана кармалгандар арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди.

Анткен менен Орусиядагы кыргыз уюмдарынын өкүлдөрү мындай окуялар мигранттарга терс таасирин тийгизиши ыктымалдыгын айтууда.

Бирюлеводо текшерүү күч

Москвадагы атын атагысы келбеген бир мекендешибиздин айтымында, ушул тапта шаардын Бирюлево районунда мигранттар катуу текшерүүгө алынууда. Райондо милиция кызматкерлери, ички аскерлер, ОМОНдор арбын жүрөт. Мындан улам мигранттар сыртка чыгуудан да чочулап турушат:

- Мен ошол районго жакын жашайм. Бирюлево жашылча-жемиш базарына көп барчумун. Кыргыздарды базардан көргөн эмесмин, башка райондорго караганда да Бирюлеводо азыраак жашайт. Жекшембиде болсо абдан катуу болду, базарды талкалап, машиналарды өрттөп... Жумуштан келатып ошону көрүп анан качып кеттик. Азыр ал райондо текшерүү катуу жүрүп жатат. Дагы деле тынчыбай жатат. Мындай текшерүү бир эле Бирюлево эмес, бүт Москва боюнча болуп жатат.

Өткөн аптада 25 жаштагы жергиликтүү тургунду белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кетишкенден кийин улутчул жаштар менен жергилктүүлөр митингге чыгышкан. Алар бул кылмышты кавказ улутундагы кишиден көрүп жатышат. Алар жекшембиде Кавказдан жана Борбор Азиядан келген мигранттар иштеген Бирюлево жер-жемиш базасынын жабылышын, мигранттардын кетишин талап кылып, базаны талкалашкан. Андан соң райондогу соода борборуна чабуул жасалып, унаалар өрттөлгөн.

Кыргызстандын Москвадагы вице-консулу Алмаз Букалаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Бирюлево районундагы башаламандыкта жабыркагандар жана кармалгандар арасында кыргызстандыктар жок. Консулдук Москванын Түштүк административдик округу боюнча Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги менен байланышып, маалыматтарды алууда.

- Азыр кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен байланышып алардан да маалымат чогултуп, алар менен бирге иш жүргүзүп жатабыз. Чагымчылдыкка алдырбай, акцияга Кыргызстан жарандары катышпагыла деп түшүндүрүп жатабыз. Бул базарда кыргызстандыктар иштер-иштебесин да тактап жатабыз.

Москванын борбордук бөлүгүндө жашаган кыргызстандыктар болсо азыр абал тынч экенин, улутчул маанайдагы жүрүш, митингдер жок экенин белгилеп жатышат:

- Азыр Москвада кыргызстандыктардын көбү эле мыйзамдуу жүрүшөт, документтерин тууралап алып жүргөнгө аракет кылып калышты. Биз шаардын борборунда жашайбыз. Күндө жумушка барып-келип турам, бул жакта улутчул маанайдагы жүрүштөрдү көргөн жокмун. Чет жакада болушу мүмкүн, борбордо тынч, - деди Бегай Мамбетова аттуу журтташыбыз.

Мигранттарга көз караш өзгөрдү

Анткен менен кыргыз уюмдарынын өкүлдөрү мындай окуялар мигранттардын тагдырына терс таасирин тийгизерин айтышууда. Москвадагы “Кыргыз биримдиги” уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакиров соңку кезде орус коомчулугунда мигранттарга карата көз караш өзгөргөнүн, ага мигранттардын көбөйгөнү себеп болушу мүмкүндүгүн айтат:

- Бул биринчи жолу болуп жаткан иш эмес. Мындай окуялар кайра-кайра кайталанып, мигранттарга терс таасирин тийгизүүдө. Эртең кандай болуп кетерин айтыш кыйын, ошондуктан албетте коркунуч бар. Негизинен акыркы жылдары Москвада мигранттарга болгон коомчулуктун көз карашы терс жакка өзгөрдү. Буга Москва, анын четинде мигранттардын көбөйүп кеткени себеп болууда деп ойлойм.

Алсак август айында эле Москванын Матвеев базарында түндүк кавказдык мигранттар тарабынан полициячыга кол салынгандан тартып базарларда кеңири масштабдагы рейддер жүргүзүлгөн. Анда Вьетнам, Египет, Марокко, Азербайжан, өзбекстандык мигранттар менен кошо кыргызстандыктар да кармалган. Андан мурда Москвадагы Манеж аянтында улутчул маанайдагы жаштар менен футбол күйөрмандарынын тополоңунда 37 жаштагы кыргызстандык мигрант Алишер Шамшиев мерт болгон, дагы бир кыргызстандык жараат алган.

“Ала-Тоо” коомдук уюмунун төрайымы Жамиля Бегиева ушундай окуялардын кесепети күнөөсү жок мигранттарга тийүүдө деп эсептейт:

- Коомдо мигранттарга каршы чыңалуу болуп жатат. Ушундай тополоңдорго деле, социалдык көрүнүштөргө деле, жумушу жок калгандарына деле мигранттарды күнөөлүү кылып көрсөтүп жатышат. Азыр эми Европадагы кризистерге байланыштуу орус эмигранттарынын кайтышы күтүлүүдө. Ошондо да чыңалуу күч алат деген божомолдор айтылууда.

Ошентсе да консулдук кыргызстандыктарды ар кандай чыр-чатак, ызы-чуудан оолак болууга үндөп жатат.

XS
SM
MD
LG