Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

“Жашыл шаар” ишембилиги өтөт


19-октябрь күнү Бишкектеги беш эс алуу багында ишембилик болот. “Жашыл шаар” деп аталган иш-чара шаардык кеңештин колдоосу менен Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулууда.

Тазалоо иштери Ботаникалык бакта, Жаштар багында, “Бишкектин 125 жылдыгы” багында, Тоголок Молдо скверинде жана Кара-Жыгач багында болот. Ага студенттер, бейөкмөт уюм өкүлдөрү, БУУ кызматкерлери, журналисттер, мамлекеттик жана эл аралык уюмда иштегендер катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулар маалымдады.

Ишембилик “Биз каалаган келечек: Келгиле, Кыргызстанды таза жана жашыл бойдон сактайбыз!”,- деген ураан астында өтөт. Ал 24-октябрь - БУУ күнүнө карата уюштурулууда. (SE)

XS
SM
MD
LG