Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

АКШ Сенаты бюджет боюнча келишимди кабыл алды


АКШ Сенаты мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү боюнча келишимди жактырды. Шаршемби кечиндеги добуш берүүдө келишимге 81 сенатор макул, 18и каршы деген добуш берди. Көптөгөн талаштардан соң демократтар менен республикачылар шаршембиде жетишкен келишим өлкөгө 7-февралга чейин карыз алууга жана 15-январга чейин өкмөттү каржылап турууга жол ачты.

Эми бул келишим күчүнө кириши үчүн бүгүнтөн калбай Конгресстин өкүлдөрү палатасы жактырып, андан соң президент Барак Обама ага кол коюшу керек.
АКШда Конгресстеги пикир келишпестиктен улам октябрь айынын башында бюджет кабыл алынбай калган. Анын айынын мамлекеттик мекемелер толугу менен каржыланбай, миңдеген кызматкерлер мөөнөтсүз эс алууга чыгарылган.

XS
SM
MD
LG