Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Саруу: Кумтөрдүн экологиялык абалы талкууланат


Ушул тапта Ысык-Көл облусуна караштуу Саруу айылдык администрация имаратынын алдына 40тай адам чогулду. Алар бүгүн экологдор менен жолугуп, Кумтөрдөгү экология маселесин талкуулаганы жатышат. Ошондой эле тынч митинг өткөрүп, камалгандарды чыгаруу талабын билдиришмекчи. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү тургун Замир Меңдибаев кабарлады.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. (КЕ/МК)

XS
SM
MD
LG