Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Кумтөрдүн мурдагы келишимдерин жокко чыгаруу сунушталууда


Депутаттар Кумтөр боюнча 2003-жылы жана 2009-жылы түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарууну сунушташууда. Өкмөт башчы бул мүмкүн эместигин, сүйлөшүүлөр аркылуу аны жакшыртууга болоорун билдирди.

Учурда Жогорку Кеңеште Кумтөр маселеси талкууланып жатат. Ага премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев катышууда. Депутаттар бүгүн кенди иштетүү боюнча чечим кабыл алышы керек.

Өкмөт сунуштаган меморандумга ылайык, “Центерра Голд” менен бирдикте эки тарап 50 пайыздык теңме-тең үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүп, Кумтөрдү иштетиши керек. Ага Кыргызстан жетекчилик кылат. Депутаттар "Кумтөрдөгү" 50 пайыздык үлүшкө макул болбой, аны 67 пайызга чыгарууну талап кылышууда.

“Центерра Голд” компаниясынын президенти Ян Аткинсон 22-октябрда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, кендин мындан кийинки тагдыры депутаттардын кабыл алган чечимине көз каранды экенин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG