Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Франция менен Германия АКШны тыңчылык боюнча кризисти чечүүгө үндөдү


Ангела Меркель Брюсселдеги саммитте, 25-октябрь, 2013
Ангела Меркель Брюсселдеги саммитте, 25-октябрь, 2013
Бүгүн Брюсселде өтүп жаткан Евробиримдиктин саммитинде шаркеттин президенти Херман Ван Рөмпөй эки өлкөнүн лидерлери жыл этегине чейин бул маселе боюнча Вашингтон менен сүйлөшөөрүн билдирди.

"Франция менен Германиянын башчылары тыңчылыкка байланышкан маселеде АКШ менен ич ара сүйлөшүп, мунаса тапканга аракет кылышаарын билдиришти, - деди Рөмпөй. - Алар бул демилгеге Евросоюздагы башка өлкөлөрдө да кошулса болоорун айтышты".

Бүгүн эртең менен саммитте кабыл алынган билдирүүдө Евробиримдик менен АКШнын кызматташтыгынын канчалык маанилүү экенине басым жасалган. Саммиттин алдынан АКШнын чалгын кызматтары немис канцлери Ангела Меркелдин жана миллиондогон француз жарандарынын телефондорун тыңшап жүрүшкөнү тууралуу кабар тараган эле. Бүгүн болсо Британиядагы Guardian гезити чынында АКШнын атайын кызматы бир эле Меркель эмес, 35 өлкөнүн президенттеринин телефондорун тыңшаганын жазды.

Брюсселде бүгүнкү саммитте негизи Евробиримдиктин аймагындагы мыйзамсыз миграцияны жөнгө салуунун жолдору талкууланмак. Акыркы кездери Жер ортолук деңизи аркылуу шаркетке кирүүнү каалаган качкындардын ичинде өлгөндөр көп болгону айтылып жүргөн.

XS
SM
MD
LG