Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Бишкекте 500дөн ашуун кафе-ашкана убактылуу жабылды


Алардын ичинен 65ин толук жабуу чечими чыгарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Мухаммад Мурзашев кабарлады. Анын айтымында, шаардагы 700дөн ашуун кафе-ресторандар, коомдук тамактануучу жайлар текшерүүгө алынды.

- Көптөгөн тамактануучу жайларда элементардык кол, идиш-аяк жууганга да шарт болгон эмес. Өздүк гигиенаны сактаганга суу жана канализация түтүкчөлөрү, деги эле тамак жасаганга шарты жок болгон. Мыйзамга ылайык, биз буга чейин 10 күн мурда эскертип туруп текшерчүбүз. Мында эскертүүсүз баргандыктан көп кемчиликтер табылды, - дейт Мурзашев.

Өткөн айда Бишкектеги “Дордой” базарынын аймагындагы “Мадина+” ашканасында тамактан 10 адам ууланып, бейтапканага түшкөн. Андан мурдараак борбордогу «Енисей» кафесинде да 100дөн ашык адам ууланып, 68и ооруканага жаткан. Жалпысынан Бишкекте 1200дөн ашуун кафе-ресторан жана коомдук тамактануучу жайлар бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG