Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Бишкекте Ооганстан тууралуу жыйын ишин улантат


“Ооганстан жана аймактын келечеги: глобалдуу кызматташуу” деп аталган үч күндүк эл аралык жыйын бүгүн 2014-жылы антитеррордук коалициянын аскерлери өлкөдөн чыгып кеткенден кийинки Борбор Азия аймагынын абалын талкуулайт.

НАТОнун парламенттер ассамблеясы Ооганстандан куралдуу күчтөр чыгып кеткенден кийин да өлкөгө ар тараптуу жардам берип турууга даяр. Бул тууралуу ассамблеянын президенти Хью Бейлис билдирип, ал үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн колдоосу зарылдыгын белгиледи. Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов Ооганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн саясий күчтөрдүн ишеними, биргелешип аракеттенүү жана ооган элинин ич ара ынтымагы чоң роль ойноорун белгилеп, эл аралык коомчулукту Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу чараларын иштеп чыгууга чакырды.НАТО парламенттик ассамблеясы менен Жогорку Кеңештин биргелешкен семинары 13-ноябрда башталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG