Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Парламенттик оппозиция "Кыргызгаз" боюнча макулдашууга каршы


Парламенттеги "Ата-Журт" жана "Республика" фракциялары "Кыргызгаз" боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык макулдашууга каршы. Бүгүн эки фракция тең өз отурумдарында бул ишкананы Орусияга сатуу тууралуу макулдашууну колдобой коюшту. Бирок энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин "Азаттыкка" айтымында, буга чейин башкаруучу коалициядагы фракциялар бул документти колдогон. Акыркы чечим эми жалпы жыйында кабыл алынат.“Кыргызгаз” ишканасын Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу жөнүндө Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуу буга чейин парламенттин тиешелүү комитеттеринде каралган. Эми келишим Жогорку Кеңеш менен Думанын макулдугун алса, “Кыргызгаз” толугу менен Орусиянын “Газпром” компаниясынын карамагына өтөт. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG