Орусия сот деңизде мунай өндүрүүгө каршы чыккан “Гринпис” уюмунун активисттеринин дагы бирин күрөөгө бошотту. Дүйшөмбүдө Санкт-Петербург соту “Гринпистин” кемесиндеги орусиялык дарыгер Екатерина Заспаны үй камагына чыгарды. Андан мурун фотограф Денис Синяковду бошоткон. Бул үчүн аталган активисттер 61300 доллардан күрөө төлөштү. Буга чейин Санкт-Петербург соту австриялык Коллин Расселди үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке каккан.
"Гринпистин” 28 мүчөсүн жана 2 журналисти 19-сентябрда Печорск деңизинде Арктикада мунай өндүрүүгө каршы акция өткөрүп жаткан кезде орус чек арачылары кармап кетишкен. Аларга алгач деңиз каракчылыгы деген оор айып тагылып, кийин ал бейбаштык деген берене менен алмаштырылган.