АКШ эки өлкөнүн жетекчилигин бул талылуу маселе боюнча дээрлик эки жылдан бери алгачкы ирет жолугушканы үчүн мактады. Мамлекеттик департаменттин бүгүнкү билдирүүсүндө Венадагы шейшембидеги сүйлөшүү “Ортодо диалогду кайра баштоодо маанилүү кадам” экени, “эки лидер Тоолуу Карабак боюнча жаңжалга чекит койгонго дилгир экенин көрсөтүшкөнү” белгиленет.
Армениянын президенти Серж Саркисян менен Азербайжандын лидери Илхам Алиев Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Минск тобунун демилгеси менен жолугушкан. Аталган топ эки президент жакында кайра сүйлөшүүнү макулдашканын кабарлады.