Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Жаңыл Сагынбекова Азия чемпиону болду


Казакстанда өтүп жаткан тогуз коргоол боюнча Азиянын ачык чемпионатында кыргызстандык Жаңыл Сагынбекова кыздар арасында чемпион болду. Дагы бир кыргызстандык Лязат Райымбекова коло медал тагынды.

21-ноябрда Анарбек Жамакеев чоңдор арасында Азия чемпиону аталып, алтын медал алган. Өспүрүмдөрдөн Мураталы Исмаилов, Айгерим Адил кызы менен Темирлан Нурбек уулу да коло медалга ээ болгонун “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Павлодар шаарында өтүп жаткан мелдешке Кыргызстан, Азербайжан, Орусия, Түркия, Монголия, Кытай, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан эки жүздөй спортчу катышууда. Кыргызстандан 36 тогуз коргоолчу кеткен. Азия чемпионаты 23-ноябрда жыйынтыкталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG