Украин өкмөтүнүн башчысы Микола Азаров Евробиримдик менен Ассоциативдик келишимге барбоо чечими “экономикалык гана жүйөөлөрдөн улам кабыл алынганын” айтты. Бүгүн парламентте премьер-министр Азаров өкмөт кечээ “тактикалык” чечимге барганын, ал экономикалык жагдайдан улам кабыл алынганын, жалпы өнүгүү стратегиясын өзгөртпөй турганын белгиледи. Оппозициялык депутаттар премьердин сөзүн бөлүп: “Уят!” деп кыйкырып турушту.
Украин өкмөтүнүн чечими Вильнюстагы саммитке бир апта калганда жарыяланды. 28-29-ноябрга белгиленген саммитте Киев Евробиримдик менен Ассоциативдик келишимге жана Эркин соода жүгүртүү макулдашуусуна кол коёру күтүлүп жаткан.
Чечимге нааразы болгон миңдей киши бүгүн таң эртелеп Киевдин борборунда нааразылык митингине чогулушту. Алар: “Украина – бул Европа”, - деп кыйкырып турушту. Келгендерге оппозициянын лидерлери кайрылып жатышты. Дагы бир топ шаарларда майда митингдер өткөнү кабарланууда.