Кыргызстандын 2894 жараны чет өлкөлөрдөгү абактарда жатат. Орусияда 2414, Казакстанда 318, Өзбекстанда 81, Кытайда 22, Тажикстанда 21 кыргыз жараны камалган. Башкалары Арапстан, Түркия, Индия, Пакистан, Иран сыяктуу өлкөлөрдүн абагында.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков Консулдук кызмат башкармалыгынын маалыматына таянуу менен билдирди. Учурда чет элде камакта отургандарды өлкөгө алып келүү аракеттери жүрүп жатат. (SE)