Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Ак-Сууда жаңы бала бакча ачылды


Көлдүн Ак-Суу районунда жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" ѳкмѳттүн Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн басма сѳз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Теплоключенка айылында ачылган “Келечек” бала бакчасы 140 орунга эсептелген.

Учурда жалпы Кыргызстан боюнча бала бакчанын жетишсиздиги негизги социалдык проблемалардын бири болууда. Мисалы, облустун борбору Каракол шаарында Союз учурунда 32 бала бакча иштеп турган болсо, учурда алардын 14ү гана калган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG