Оштун борбордук аянтына адамдар чогулууда. Облустук милициянын маалыматына караганда, ушу тапта үч боз үйдүн тегерегинде 100дөй киши топтолуп турат. Ар тараптан адамдар агылууда. Коррупцияга шектелип камалган депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери 2-декабрда Ошто митинг өткөрүп, талабынын аткарылышына бийликке үч күн мөөнөт берген. Бул мөөнөт бүгүн түштө аяктады. (RK)