Кыргызстандык мигранттар арбын иштеген Орусия, Казакстан сыяктуу өлкөлөр менен эки тараптуу пенсиялык фонд тууралуу келишимдер жок. Мунун айынан көптөгөн мекендештер орус жана казак жарандыгын алууга аракеттенишет.
Бул тууралуу бүгүн Бишкекте, мигранттарды пенсия менен камсыз кылууга арналган тегерек үстөлдө айтылды. Айрым адистер мигранттар менен иштөөчү ыктыярдуу пенсиялык фонддорду түзүү демилгесин көтөрүштү. Бирок сурамжылоолор мигранттардын көпчүлүгү жеке менчик пенсиялык фонддорго ишенбесин көрсөткөн.
Ушул тапта бейрасмий маалыматтар боюнча Орусияда 1 млн., Казакстанда 500 миңдин айланасында кыргызстандык мигрант иштейт. Сыртта жүргөн кыргызстандык мигранттар өткөн жылы мекенине 2,5 млрд. доллар акча которушкан.